Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстан Ислам университетинин студенттерине диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин жаатында иштелип чыккан мыйзам долбоору тууралуу маалыматтык профилактикалык иш-чара өткөрдү.
Катышуучуларга интернеттеги радикализм жана экстремизмдин коркунучтуу чакырыктарынан оолак болууга үндөп, Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдар тууралуу жана ошондой эле мамлекетке баш ийбөө, жихадка чакыруу, мындан сырткары экстремисттик, террористтик мүнөздөгү маалыматтарды ар кандай сайттар аркылуу таратууда мыйзам алдында жоопкерчиликтери айтылды.
Ошондой эле экстремисттик аракеттерге, алардын кылтагына жаштардын илинип калбоосу үчүн жана тастыкталган маалыматтарды пропагандалык материалдардан айырмалоо зарылдыгы боюнча студенттерге баяндамалар жасалып, суроо-жооптор менен коштолуп, ой-пикирлер айтылды.