Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү муниципалдык мекемелердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө, жалпы орто мектептердин директорлоруна, андагы ата-энелер комитеттеринин башчыларына, жогорку окуу жайлардын, диний окуу жайлардын окутуучуларына, студенттерине, диний уюмдардын жетекчилерине жолугушууларды уюштурду.
Иш-чарада диний чөйрөдөгү мыйзамдар, алардын коомдогу аткарылышы, стратегиялык, коомдук маанилүү имараттардын коопсуздугу, эл арасындагы радикализмдин, экстремизмдин алдын алуу маселелери тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ушундай багыттагы жолугушуулар жалпы орто мектептердин окуучулары жана конфессиялардын өкүлдөрү менен жүргүзүү пландалууда.